Ысык-Көл облусунун мурдагы башчысы Уланбек Далиев президенттин администрациясында жаңы кызматка дайындалды.
Өкмөт башчы кол койгон тескемеге ылайык, Далиев президенттин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн аймактарды өнүктүрүү секторунун башчысы болду.
Уланбек Далиев 2024-жылдын февралынан 2025-жылдын январь айына чейин президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлү болуп иштеген.