Бишкек шаарында Кыргызстандын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева ЮНИСЕФтин Европа жана Борбор Азия боюнча аймактык директору Реджина Де Доминичис менен жолукту. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди.
Жолугушууда тараптар балдардын укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттарын талкуулашты. Балдардын сапаттуу билим алууга жана медициналык кызмат көрсөтүүлөргө бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, балалуу үй-бүлөлөрдү социалдык жактан колдоо системасын өркүндөтүү маселерин карашты. Ошондой эле жашы жете электерге карата зомбулуктун жана катаал мамиленин алдын алуу боюнча комплекстүү чараларды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү тууралуу сүйлөшүштү.
Мындан тышкары БУУнун Балдар укуктары боюнча комитетинин 2025-2028-жылдарга карата иш-чаралар планын ишке ашырууга көңүл бурулду.
Асель Чынбаева ЮНИСЕФтин көп жылдык жана ырааттуу колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди.
Де Доминичис балдардын кызыкчылыгы үчүн мамлекеттик саясаттын алкагында болуп жаткан өзгөрүүлөргө оң баа берди, эксперттик жана техникалык жардам көрсөтүү менен ЮНИСЕФтин реформаларды мындан ары коштоого даярдыгын билдирди.