Баткен облусунун Зардалы айылына электр жарыгы берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди.
Маалыматка ылайык, Зардалыга 303 кВт кубаттуулуктагы күн фотоэлектр станциясы орнотулуп, айылдагы 56 үй, 2 мечит, 1 мектеп, 1 ФАПка электр энергиясы берилген.
Бул саамалыкка облус башчысы Абдикарим Алимбаев, энергетика министри Таалайбек Ибраев катышкан.