Өнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөт
Филармониянын жанынан тапанча табылды
05.07.2023 | 14:14
Бишкек шаарында Улуттук филармониянын жанында чөптүн арасынан тапанча табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2023-жылдын 5-июлунда саат 09:54 чамасында Күзөт кызматынын Ведомстволук милиция полкунун кызматкери милициянын улук сержанты Бек Төрөкановго “Зеленхоз” муниципалдык ишканасынан Алмаз Акбаралиев аттуу кызматкери келип, Улуттук филармониянын түштүк аймагындагы газондун чөптөрүн кыркып жатып, тапанчага окшош ок атуучу куралын таап алгандыгын айткан.
Окуя болгон жерге ведомстволук милиция полкунун кармоо тобу барып, табылган кара түстөгү темир тапанчасын алышып, Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин ыкчам тергөө тобунун кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом