Стамбулда жоголгон кыргызстандык Жазгүл дүкөнчүдөн жардам сураган

Стамбулда жоголгон кыргызстандык Жазгүл дүкөнчүдөн жардам сураган

Түркиянын Стамбул шаарында 20 жаштагы кыргызстандык Жазгүл Шамуратова 25-июндан бери дайынсыз болуп, 5-июлда табылды. Түркиялык басылмалар Жазгүл жоголгонго аны кимдер көргөнү тууралуу жазды.

Белгилүү болгондой, ал иштөө үчүн Болгарияга Түркия аркылуу барууну пландап, 22-июнда Стамбулга учуп барган. Ал жактан автобуска отуруп, Болгариянын Варна шаарына кетмек.

Түркиялык Demirören Haber Ajansı жазгандай, Жазгүл Шамуратова Сабиха Гөкчен аба майданына келгенден кийин телефону тартпай калып, 1 күн каякта болгону тууралуу эч кимдин маалыматы жок. Шамуратова 24-июнга караган түнү Хасанпаша кичирайонунда Хакан Ч. аттуу дүкөнчүгө телефонун жоготуп алганын айтып, жардам сураган. Жазгүл апасына телефон чалууга аракет кылып, бирок байланыша албай койгон. Дүкөнчүнүн сунушу менен ал апасына Instagram социалдык баракчасынан үч үн жазуу жөнөткөн.

Апасына жөнөткөн билдирүүлөрдө “апа бул тааныш адамдын телефону. Ушул номерге чаласызбы? Жооп берип коюңуз, сураныч”, “Апа ушул номерге тез чалсаңыз, Варнага дагы деле жете элекмин. Азыр убактылуу бир жерде калдым. Такси чакырып, Варнага чейин барганга акчасын төлөп берип же жөнөтүп коесузбу? Бул жакка келгенде (Варнага каттаган – ред.) автобустар жок болчу жана азыр мен Түркиядамын. Варнада эмесмин. Бир маселелер чыгып калды. Варнага эки-үч күн мурун чыгышым керек болчу. Ушул номерге тез арада чалыңыз” деп айтылган.

Апасына билдирүү жөнөткөндөн кийин ал Хакан Ч.нын сунушу менен анын дүкөнүндө калган. Дүкөнчүнүн айтымында, Шамуратова паспортун, сумкаларын жоготуп алган.

Хасан Ч., дүкөнчү

“Ал апасына билдирүү жөнөтүп, мага орусча сүйлөдү. Мен котормочу аркылуу андан “эмне жардам бере алам” деп сурадым. “Мен Болгарияга, Варнага кетем” мага такси чакыр” деди. Бул саатта паспортуң, сумкаларың жок кандай болот?” деп сурадым. “Жок, менин кетишим керек”, — деди. Анда эч нерсе кыла албайм. Кааласаң полицияга алып барайын”, — дедим, ал “жок” деп жооп берди. Анда мен “сен үчүн эч нерсе жасай албайм” дедим”, — дейт ал.

Сөзүн улай ал Жазгүл Шамуратова андан чай сураганын, отуруп чай ичкенин айтты.

“Бир чай бердим. Кыз чарчаган, ачка экени тушүнүктүү болуп турду. “Уктагың келип жатабы” деп сурадым. “Ооба, аябай чарчадым, көздөрүм жумулуп жатат” деди. Мен ага уктай турган жерин көрсөтүп, эртең менен көрөбүз” дедим”, — дейт ал.

Журналисттин “тартынган жоксузбу, кантсе да дүкөнүңүздү ачып берип жатасыз?” деген суроосуна: “Аны да ойлондум. Кичинекей кыз мага эмне кыла алат деп ойлодум. Эшикти кулптап, аны үстүнкү кабатка чыгардым. Ал дароо уктады. “Апам чалса, айтып коюңуз” деп айтты. Мен “макул” дедим”, — дейт ал.

Анын айтымында, алар эртең менен тамак ичип, андан кийин ал Жазгүлдү жакын жердеги орусча билген дүкөнчү өзбек аялга алып барган.

“Эжени чакырып “бир кыз бар. Биз бири-биризбизди түшүнө албай койдук. Сен сүйлөшүп көр дедим. Эжеге да Болгарияга бара турганын, паспортун, сумасын жоготконун айтты. Кызга жардам берүүгө аракет кылдык. Жардам бере албадык. Андан кийин кыз эженикинде калды”, — деди ал.

Анын айтымында, өзбек аял Жазгүлдү эки жолу полицияга алып барган. Андан кийин эмне болгонун ал билбейт.

Белгилүү болгондой, Жазгүл жоголгонго чейин тартылып калган эки-үч видео бар. Алардын бири полиция бөлүмүндөгү камерадагы видео болсо, бирин Хакан аттуу дүкөнчү Жазгүлдү тартып, тааныш балага жөнөткөн.

“Мен аны досума жөнөттүм. Эртең менен келет болчу. Үч-төрт секундалык видео тарткам. “Кел, бир кыз бар. Түшүнүшө албай жатабыз. Ал да “макул, бара жатам” деди”, — дейт ал.

Өзбек аялдын дүкөнүндө калган Жазгүл ал жана анын тууганы менен полицияга эки жолу барышкан. Алар полицияга келген учур ошол жердеги камераларга да түшүп калган.

Маалыматка караганда, Жазгүл полицияга барганда арыз жазган эмес. 25-июнда кечинде экинчи ирет полицияга баргандан кийин Жазгүлдү полиция бөлүмүндө калтырып кетишкен. Андан кийин аны көрүшкөн эмес.

Жазгүлдүн үй-бүлөсүнүн Түркиядагы таанышы Женя (Евгения) К.нын айтымында, Жазгүл Стамбулга келгенде жанында 50 евро акчасы болгон.

Белгилүү болгондой, Жазгүл 24-июнда Instagram аркылуу жөнөткөн билдирүүнү апасы 26-июнда көргөн. Андан кийин элчилик менен Стамбулдагы консулдукка кайрылышкан. Апасы кызын издөө үчүн Стамбулга өзү келген.

5-июлда Жазгүл Шамуратова табылганы тууралуу кабарланды.

Стамбулда жоголгон Жазгүл Шамуратова табылды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>