Зергерчилик, тигүү тармагы жана чакан бизнеске колдоо көрсөтүү боюнча жарлыкка кол коюлду

07.12.2025 | 17:00

Өлкө башчы Садыр Жапаров зергерчилик жана тигүү өнөр жайын, ошондой эле чакан жана орто бизнести колдоого багытталган жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

Документте Министрлер кабинетине бир айлык мөөнөттө Жогорку Кеңешке тиешелүү мыйзам долбоорун киргизүү тапшырылды.

Жарлыкка ылайык, зергердик өндүрүшү үчүн жабдууларды, технологияларды жана материалдарды импорттоодо, ошондой эле зергердик буюмдарды чет өлкөлүк көргөзмөлөргө алып чыгууда бажы төлөмдөрүнө жана салыктарга жеңилдиктер берилет.

Мындан тышкары, баалуу металлдардан жасалган зергердик буюмдардын мурда киргизилген же өндүрүлгөн калдыктарын эки ай ичинде легалдаштыруу каралган. Зергер өндүрүүчүлөргө чийки затты мамлекеттик фонддон Лондон фиксингинен 2% төмөн баада сатып алуу мүмкүнчүлүгү берилет.

Жарлыкта тигүү тармагынын субъекттери үчүн киреше салыгын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин төмөндөтүү, чакан жана орто бизнес үчүн социалдык төгүмдөрдүн ставкаларын азайтуу боюнча да чаралар камтылган.

Ошондой эле транспорт каражаттарын сатууда бир катар салыктарды алып салуу, чет өлкөлүк банктар аркылуу жүргүзүлгөн транзакцияларга жана Кыргызстандын аймагынан тышкары жүргүзүлгөн ишмердүүлүк үчүн бирдиктүү салыкты 0,1% өлчөмүндө белгилөө сунушталууда.

Мындан тышкары, «Манас» эл аралык аэропортунда зергердик буюмдарга проба коюу жана талдоо лабораториясы түзүлүп, Ош жана Ысык-Көлдөгү аэропорттордо да ушундай лаборатория ачуу маселеси каралат.

Документ расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Scroll to Top