АКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдөСадыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуштуЧүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылдыЕреванда Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүШакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт
Бишкекте 3 күн бою изделип жаткан окуучу кыз табылды
07.12.2025 | 13:20

Бишкекте 3 күн бою изделип жаткан 16 жаштагы Айназик табылды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясы билдирди.
Укук коргоо кызматкерлери кечээ, 6-декабрда, саат 23:20лар чамасында окуучу кыздын жүргөн жерин такташып, мыйзамдуу өкүлдөрүнө өткөрүп беришкен.
Эске салсак, Чотонова Айзаник 3-декабрда үйүнөн мектепке кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан. Анын апасы ал күнү Айназик мектепке барбаганын, байланышка да чыкпай жатканын айткан.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар