Жабыркаган аскер кызматкеринин абалы туруктуу оор бойдон калууда – Саламаттык сактоо министрлиги

07.04.2026 | 12:26

Лейлек районунда бара жаткан “УАЗ-Пикап” кызматтык унаасынан кулап түшүп, оор жаракат алган аскер кызматкеринин абалы тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги Reporter.kg’ге билдирди.

Дарыгерлердин айтымында, үчүнчү деңгээлдеги адистердин катышуусунда консилиум өткөрүлдү, жабырлануучунун абалы туруктуу оор бойдон калууда, начарлоо жок. Дарылоо улантылууда.

Эскерте кетсек, окуя 4-апрелде саат 08:30дар чамасында Ак-Суу — Раззаков унаа жолунда болгон. Кулап түшкөндөн кийин аскер кызматкери эсин жоготуп, комага түшүп калган.

Аны Лейлек райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткиришип, ал жактан Ош шаарынан келген дарыгерлер тобу операция жасашкан. Жабырлануучунун абалы туруктуу оор деп бааланууда. Ал дарыгерлердин көзөмөлүндө жана керектүү дарылануудан өтүп жатат. Кеңеш берүү үчүн нейрохирург тартылган.

Аны Бишкекке которуу маселеси каралып жатат. Бейтаптын абалы турукташкандан кийин гана алып кетүүгө (ташууга) мүмкүн болот.

Кыргызстандын Президенти жабыркаган аскер кызматкерине байланыштуу кырдаалды жеке көзөмөлүнө алды.

Scroll to Top