Жактоочу: даректи туура эмес жазган айдоочуну жазалоо мыйзамсыз

Жактоочу: даректи туура эмес жазган айдоочуну жазалоо мыйзамсыз

Даректерди туура эмес жазган №104-автобустун айдоочусун жазалоо мыйзамсыз. Бул тууралуу Reporter.kg’ге юрист Элдияр Карачалов билдирди.

Белгилей кетсек, автобуска айдоочу, «Аламиди, госрегистор, плошадь» деп ката жазган. Бишкек мэриясынын транспорт башкармалыгы ал тартип жазасына тартыларын кабарлады.

Элдияр Карачаловдун пикиринде, Эмгек кодексинин 9-беренесинин 2 бөлүгүнө ылайык айдоочуну дисциплиналык жоопкерчиликке тартуу —  мыйзамсыз жана басмырлоо.

«Анда эч ким жынысына, расасына, улутуна, тилине, тегине, мүлктүк жана кызмат абалына, курагына, жашаган жерине, динге карата мамилесине, саясий ынанымдарына, коомдук бирикмелерге таандуулугуна же таандуу эместигине, соттуулугуна (эмгектик өз ара мамилелер чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган чектөөлөрдү кошпогондо), ошондой эле кызматкердин иштөө сапатына жана анын ишинин натыйжаларына байланышпаган башка жагдайларга карабастан алардын эмгектик укуктары жана эркиндиктери чектелүүгө же кандайдыр бир артыкчылыктарга ээ болууга мүмкүн эместиги белгиленет», — дейт жактоочу.

Элдияр Карачалов тил билүү жана сабаттуу жазуу айдоочунун функционалдык милдеттерине кирбейт.

«Ал жерде айдоочулук квалификация боюнча же болбосо жүргүнчүлөргө орой мамиле кылбоо жөнүндө талаптар болушу мүмкүн. Ушул окуяга байланыштуу, айдоочу эмгек чөйрөсүндө басмырлоого дуушар болдум деп эсептесе бузулган укуктарын калыбына келтирүү, материалдык зыяндардын ордун толтуруу жана моралдык залалды компенсациялоо жөнүндө тиешелүү арызы менен сотко кайрылууга укуктуу», — дейт ал.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: айдоочу

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>