Бишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болдуЕгипет 1-ноябрдан тарта туристтер үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин өзгөртөтБишкекте мотоскутер айдаган өспүрүм каза болгон жол кырсыгынан кийин кылмыш иши козголду
«Манас» аэропортунун жаңыланган VIP залынын баасы өзгөрөт
17.07.2024 | 17:04
«Манас» аэропортунун VIP залы жаңыланды. Бул тууралуу аталган компаниядан билдиришти.
VIP зал «Манас 2» терминалынын 2 кабатында жайгашты. Анда жүргүнчүлөр учакка каттоо ачылганча эс алып, премиум класстагы автомобилдердин кызматын дагы колдоно алат.
Аэропорттун Reporter.kg’ге билдирүүсүндө, VIP залдын баасы өзгөрөт.
Буга чейин 4 жашка чейинкилер бекер, улуу жүргүнчүлөр 7 миң сомдон, 12 жашка чейинки балдар 30 пайыз арзандатуу менен төлөшкөн.
“Зал жаңыланып, кошумча кызматтар пайда болгондуктан баасы дагы кайра каралат”, – дейт “Манас”.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом