17-мартка карата аба ырайыБШК Гүлсүнкан Жунушалиеваны жеке арызынын негизинде депутаттык мандатынан ажыраттыМектеп жетекчилеринен акча талап кылып келген. Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы кармалдыКыргызстанда электрондук капчыктарды расмий түрдө мураска калтыруу пландалуудаЖогорку Кеңештин комитети КОСУнун 15 млрд рублдик жаңы кампусун куруу долбоорун жактырдыЖогорку Кеңештин комитети КОСУнун 15 млрд рублдик жаңы кампусун куруу долбоорун жактырды
Жактоочу: Олжобай Шакирге чыккан өкүм мыйзамсыз, апелляция беребиз (видео)
14.05.2024 | 17:02
Чүйдүн Аламүдүн райондук соту жазуучу, публицист Олжобай Шакирге чыгарган өкүм боюнча жактоочулар облустук сотко апелляция менен кайрылат. Бул тууралуу журналисттерге жактоочу Ахмат Алагушев билдирди.
Белгилүү болгондой, 14-майда сот жазуучуну “массалык башаламандыктарга чакырык жасоого” күнөөлүү деп таап, 5 жылга абакка кести. Олжобай Шакир күнөөнү мойнуна алган жок.
Жактоочу Ахмат Алагушев Олжобай Шакирге чыккан соттун өкүмүн мыйзамсыз деп эсептей турганын жана ал боюнча облустук сотко апелляция берерин билдирди.
Сүрөт: kloop.kg
Рубрики: Жаңылыктар, Коом