Жакынкы күндөрү чет өлкөлүк номурлуу унааларга ири рейд жүргүзүлөт

03.11.2025 | 14:55

Кыргызстанда жакынкы күндөрү чет өлкөлүк номурлуу унааларга карата масштабдуу рейддер өткөрүлөт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары, милициянын подполковниги Эмил Жакыпов билдирди.

Анын айтымында, буга чейин өткөрүлгөн текшерүүлөрдүн жүрүшүндө 1000ден ашуун чет өлкөлүк номурлуу автоунаа аныкталган.

Өлкө башчысынын жарлыгына ылайык, 1-октябрга чейин чет элдик номур менен жүргөн унаалар кыргыз мамлекеттик номурларын алуу милдетине ээ болчу. Бул мөөнөттө номур албаган автоунаалар тетикке сатылышы, өлкөдөн чыгарылышы же утилдештирилиши керектиги эскертилген.

ИИМ белгилегендей, жаңы рейддердин алкагында мындай унаалар аныкталса, алар айып короого токтотулат жана андан ары утилдештирүү же чыгаруу чаралары көрүлөт.

“Биз бул чараларды өлкө башчысынын жарлыктарын жана Министрлер Кабинетинин токтомдорун аткаруу максатында жүргүзөбүз. Мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүк унаалар боюнча иштер катуу көзөмөлгө алынат”, — деди Эмил Жакыпов.

Scroll to Top