Бишкекте 3 күн бою изделип жаткан окуучу кыз табылдыБШК №29 округ боюнча шайлоонун жыйынтыгын бекитти7-декабрга карата аба ырайыАк-Сууда көп убакыт аялына зомбулук көрсөтүп жүргөн жаран кармалдыБишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жататЖумуш таап берем деп чакырып, 18 жашар кызды зордуктаган. Сот аны 3 жылга кести
Жалал-Абад гана өнүгүп жатабы? Президент бул боюнча оюн айтты (видео)
22.07.2024 | 18:00
Кыргызстандын бардык аймактарында жолдор оңдолуп, ГЭСтер курулуп жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Сузак районундагы ГЭСтин ачылышында билдирди.
Жолугушууда жергиликтүү тургун Жалал-Абадда алгылыктуу иштер жүрүп жатканын, бирок ал боюнча айтуудан тартынып калганын белгиледи.
“Теледен көрсөтсө “Жалал-Абадка эле тартып жатат” деп айтышат экен. Сизге элдин 90 пайызы ишенет”, – дейт ал.
Өлкө башчысы андай сөздү чагымчылдык катары баалады.
“Аны атайлап кычып, элди экиге бөлгүсү келген адамдар айтат. Мына Таласта, Токмокто жана Кара-Балта дагы Жалал-Абаддагыдай эле иштер, курулуштар башталды. Нарында бүттү. Эмнеге бул боюнча айтышпайт”, – деди Садыр Жапаров.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат