Жалал-Абад облусунда да 4-октябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгын нааразы тараптарын акциясы өтүп жатат. Учурда облустук акимчиликке 200дөн ашуун, ал эми шаардык мэрияга 100дөй жергиликтүү эл чогулду. Алар топтолгондорду провокацияга алдырбоого, талап-тоноого жол бербөөгө үндөп жатышат. Өкмөттүн Жалал-Абад облусун бир нече мүнөттөрдөн кийин кырдаал тууралуу пикирин билдирээри белгилүү болду.
Учурда Өкмөттүн Талас, Ысык-Көл жана Нарын облусундагы өкүлдөрү кызматтан кеткени маалым болду.
Кыргызстандагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапташтары 5-октябрда мөөнөтсүз митингге чыгышкан. Акция жер-жерлерде массалык башаламандык менен коштолууда.
Баткен облусунда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон 30-40 адам митингге чыкканы белгилүү болду.