Кыргызстан мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча дүйнөлүк рейтингде 46 тепкичке көтөрүлдүБалыкчы – Бөкөнбаев – Каракол жолунун курулушуна жооптуу жетекчилерге сөгүш берилдиКыргызстанга чет элдик инвестициялардын агымы 21,7%га өстүТаласта минералдык суу чыгаруучу завод ачылдыОштун мэри 8 балалуу энеге үй белек кылдыАлмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамынан жана бардык мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды
Жалал-Абадда 11 жаштагы кызды жүк ташуучу унаа тебелеп кетти
10.07.2019 | 16:01
Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунда 11 жаштагы кызды өлтүрө коюп кеткен айдоочу кармалды. Облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын өкүлү Айбек Сатыбалдиев Reporter.kg′ге билдиргендей, окуя 10-июлда, саат 11:00 чамасында болгон.
“Кызды көчөнүн бурулушунан А.К. аттуу адамдын башкаруусундагы “Хово” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа арткы дөңгөлөгү менен тебелеп, айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен. Милиция кызматкерлери шектүүнү шаардын аймагынан кармап келишкен. Ал өз көрсөтмөсүндө кызды көрбөй калганын айтууда”, – деди Сатыбалдиев.
Бул факты кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар