logo
press@reporter.kg
  • facebook
  • odnoklassniki
  • twitter
  • instagram
  • telegram

Жалал-Абадда 11 жаштагы кызды жүк ташуучу унаа тебелеп кетти

Жалал-Абадда 11 жаштагы кызды жүк ташуучу унаа тебелеп кетти

Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунда 11 жаштагы кызды өлтүрө коюп кеткен айдоочу кармалды. Облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын өкүлү Айбек Сатыбалдиев Reporter.kgге билдиргендей, окуя 10-июлда, саат 11:00 чамасында болгон.

“Кызды көчөнүн бурулушунан А.К. аттуу адамдын башкаруусундагы “Хово” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа арткы дөңгөлөгү менен тебелеп, айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен. Милиция кызматкерлери шектүүнү шаардын аймагынан кармап келишкен. Ал өз көрсөтмөсүндө кызды көрбөй калганын айтууда”, — деди Сатыбалдиев.

Бул факты кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>