Ысык-Көлгө куйган дарыяларга 582 миң форель чабактары коё берилдиПара талап кылууга шектелип мурдагы судья кармалдыОш шаарындагы Увам жана Жекелик каналдарынын кооптуу жээктери тосулатСадыр Жапаров Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча билдирүү жасады13-мартка карата аба ырайыЖергиликтүү бийликтерге митингдер өтө турган жерди аныктоо укугун берүү сунушталууда
Жалал-Абадда 12 жашар баланы сабаган аял кармалды
22.08.2024 | 12:01
Жалал-Абадда оюн аянтасында 12 жашар баланы сабаган 30 жаштагы Сузак районунун тургуну А.Н. кармалды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге облустук милициядан билдиришти.
Ал 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Ички иштер башкармалышы “Бейбаштык” беренеси менен иш козгоду.
Ал эми 12 жаштагы өспүрүм областтык балдар ооруканасында дарыланууда.
Эскерте кетсек, 17-август күнү шаардагы “Плаза” соода борборундагы оюн аянтчасында аял өз баласына болушуп, 12 жаштагы өспүрүмдү сабап, күбөлөр аны араң токтоткон.
https://reporter.kg/zhalal-abadda-oyun-ayantchasynda-ayal-12-zhashar-balany-sabap-saldy/
Рубрики: Жаңылыктар, Коом