УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад шаарында жаңы имараттын курулушуна старт берип, капсула салды.
Ал жерге облустук администрация жана мэрия жайгашат.
Курулушка мурдагы түрмө бузулуп, анын 7,6 гектар жери бөлүнүп берилди. Абак Базар-Коргон районуна жылдырылган.
Имарат келээрки жылы бүткөрүлүп, пайдаланууга берилмекчи. Каражат толугу менен мамлекеттик казынадан бөлүнүп, жалпы 1,6 млрд. сомду түзөт.