Жалал-Абадда 200 жылдык мечиттин ордуна жаңысы салынууда

01.11.2022 | 09:15

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда 1825-жылы салынган мечиттин ордуна жаңы заманбап мечит курулууда. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат караганда, тарыхый мечит Базар-Коргон шаарынын Дамлажанов көчөсүндө жайгашкан болчу.

“Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков жаңыланып курулуп жаткан мечиттин курулушунан жеринен кабар алды. Облус казысы баштан-аяк түптөлүп жаткан курулуштун сапатына көңүл буруп, сыйынуучу жайдын талапка ылайык бүткөрүлүшү боюнча тапшырма берди.150 адамга ылайыкташкан мечиттин курулушу арабиялык ишкерлердин колдоосу жана жергиликтүү тургундардын каржылоосу менен жүргүзүлүүдө”, – деп билдирет муфтият.

Курулуш иштери дээрлик аяктап калган. Мечит бир ай ичинде пайдаланууга берилери күтүлүүдө.

“Эске салсак, буга чейин пайдаланылып келген мечиттин эскилиги жетип, жарандар үчүн кооптуулук жарата баштаган болчу”, – деп билдирет муфтият.

[image_carousel source=”media: 162679,162680,162681,162682″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top