Жалал-Абадда 7 килограммдан ашуун гашиш саткан адам кармалды

01.10.2021 | 09:28

Жалал-Абадда 7 килограммдан ашуун гашиш баңгизатын сатып жаткан жеринен 50 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милициянын ыкчам иликтөө иш-чарасынын жүрүшүндө “А” аттуу жаран баңгизатты (гашиш) сатуу менен алектенет деген маалымат алынган.

“Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Жалал-Абад облуктук милициясы менен бирге — “көзөмөлдөп сатып алуу” аталышында рейд жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында 417 грамм салмактагы гашиш баңгикаражатты төрт жолудан ашуун сатып алынган. Натыйжада анын өздүгү аныкталып, ал Тогуз-Торо районунун К.Т. аттуу тургуну болгон.

Кайрадан жүргүзүлгөн операция учурунда Сузак районунда “Honda Odyssey” үлгүсүндөгү унаада алты килограммдан ашуун баңгикаражатты сатуу учурунда шектүү жаран кармалган.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат 6 кг 940 гр салмактагы гашиш баңгикаражаты болгондугу аныкталган. Буга чейин сатылып алынган зат менен бирге жалпы салмагы 7 кг 357 гр түздү.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иши уланууда”,- деп айтылат маалыматта.

Scroll to Top