Садыр Жапаров жабыркаган аскер кызматкеринин ишин жеке көзөмөлүнө алдыБаткенде алимент төлөөдөн качкан жаран 2 жылга эркинен ажыратылдыБарскоон – Бедел унаа жолун куруу боюнча мамлекеттик дирекция түзүлдүБаткенде аскер кызматкери оор жаракат алды: депутат шашылыш жардам көрсөтүүнү сурандыКыргызстанда жарандарды каттоо эрежелерин жөнөкөйлөтүү сунушталдыБишкекте ат минип эс алуу: 5 метр алыстык жана кенеге каршы спрей
Жалал-Абадда дайынсыз болуп жаткан Айбийке табылды
01.03.2024 | 13:31
Жалал-Абад шаарында 26-февралдан бери дайынсыз болуп жаткан 14 жаштагы Айбийке аман-эсен табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Белгилүү болгондой, 14 жаштагы Айбийке 26-февралда саат 12:10 чамасында мектептен окуудан чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан. Ага байланыштуу 29-февралда облустук милициянын басма сөз кызматы коомчулуктан Айбийкени табууга жардам сураган.
“Маалымат ЖМК жана социалдык тармактарга жарыяланган соң кайдыгер эмес жарандардан Айбийке тууралуу маалыматтар милицияга келип түшкөн. Бүгүн 1-мартта Айбийке Таш-Көмүр шаарынан табылып, милиция кызматкерлери аны Жалал-Абад шаарына алып келе жатышат. Кайдыгер карабай маалымат бөлүшкөн жарандарга ыраазычылык билдиребиз”, – деп айиылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом