Тышкы иштер министрлигиндеги бош 13 орунга 693 талапкер ат салышууда

Тышкы иштер министрлигиндеги бош 13 орунга 693 талапкер ат салышууда

Тышкы иштер министрлиги бош кызматтык орундарга жарыялаган сынагына 693 арыз кабыл алынды. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Алардын 13ү гана жумушка алынат. Айрым кызмат орундарга  200дөн ашык талапкер атаандашууда.

Эл аралык уюмдар департаментинин үчүнчү катчысы ордуна 46 талапкер, консулдук департаменттин үчүнчү катчысы кызмат ордуна – 50,  Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн үчүнчү катчысы кызмат ордуна (иштөө пункту Баткен ш.) – 25, экинчи саясий департаменттин атташеси кызмат ордуна – 6, төртүнчү саясий департаменттин атташеси кызмат ордуна (2 бирдик)  —      18, мамлекеттик протокол департаментинин атташеси кызмат ордуна – 27, экономикалык дипломатия департаментинин атташеси кызмат ордуна (2 бирдик)- 153, консулдук департаменттин атташеси кызмат ордуна (2 бирдик)- 206, кадрдык саясат бөлүмүнүн атташеси кызмат ордуна – 158 жана административдик бөлүмдүн башкы адиси кызмат ордуна төртөө ат салышууда.

Белгилей кетсек, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев парламентте мекемеге кызматкерлер жетишпей жатканын, чет өлкөгө жөнөтүү үчүн тил билген кесипкөй адистер аз экенин айткан.

Тил билгендер жокпу, же министр тааныштарын таппай жатабы? ТИМдин кадр саясаты сындалды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>