Жалал-Абадда «кайрылман» статусун алган этникалык кыргыз үй куруу үчүн жер ала албай келет. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.
Жакында эле акыйкатчы Жамиля Жаманбаев облус тургундары менен жолугушуу өткөргөн. Анда ага этникалык кыргыз кайрылып, Кыргызстанга көчүп келип, жашап жатканына көп жыл болгону менен үй салуу үчүн мамлекеттен жер ала албай жатканын айткан.
«Бир үйдө төрт үй-бүлө бала-чакабыз менен турабыз. Төрт үй-бүлөгө бир үй өтө тар болуп калат экен. Кыргызстандын аймагына көчүп келгенибизге көп болду. Канча жылдан бери эле жер участогун бөлүп берүүнү өтүнүп мамлекеттик органдарга кайрылып келебиз. Бирок, майнап жок», — деди ал.
Жолугушууга катышып жаткан социалдык кызматкер маселени көзөмөлгө алып, кечиктирбей чечип берерин айткан.