Жалал-Абадда мечиттин жерин мыйзамсыз менчиктештирген молдо кармалды

05.09.2025 | 10:21

Жалал-Абад шаарында мечитке таандык жер тилкесин мыйзамсыз менчиктештирүүгө шектелип, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын (КМДБ) адиси кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2016-жылы «Соолихин» мечитинин мурдагы имамы, муфтияттын адиси жана Сузак районунун Ырыс айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жең ичинен сүйлөшүп, коррупциялык схема уюштурушкан.

350 чарчы метр аянттагы жер тилкеси, алгач мечиттин унаа токтотуучу жайы катары пайдаланылып келген, кийин мыйзамсыз менчикке чыгарылып, КМДБнын адиси Б.А.Анын менчигине кайра каттоодон өткөрүлгөн.

«Бул учурда жер ачык аукцион аркылуу сатылган эмес. Мындай аракет кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууну жана коррупциялык схеманы тастыктайт», — деп айтылат билдирүүдө.

Натыйжада КМДБнын адиси атайын кызматтын тергөө абагына киргизилди. Мечиттин мурдагы имамы жана мурдагы айыл өкмөт башчысы болсо үй камагына алынган.

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top