Жалал-Абадда спорт чемпиондорун тосуп алышты – сүрөт
Жалал-Абадда 29-майда Өзбекстандын Жиззах шаарында болуп өткөн аялдар жана эркектер арасындагы «Белбоо күрөшү» боюнча Азия чемпионатында байгелүү оорундарды ээлеген спортчуларды тосуп алуу иш-чарасы өттү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, салтанаттуу аземге президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев, Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Жеӊишбек Абитов, ИИМдин Атайын багыттагы полкунун (АБП) Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын командири Равшан Кожобеков, машыктыруучулар жана спортчулардын жакындары катышышты.
Азия биринчилигинде ИИМдин АБПнын Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын кызматкерлери Элдияр Сексенбаев 80 кг салмакта 1-орунду, Казбек уулу Ирлан 80 кг салмакта 2-орунду, Айбек уулу Шернияз 70 кг салмакта 2-орунду, Сузак РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн улук ыкчам өкүлү Ымангазы Койлуев +100 кг салмакта 3-орунду ээлеген.
Иш-чарада спортчулардын жетишкен ийгилиги Жалал-Абад облусу, анын ичинде милиция үчүн сыймыктуу экендиги белгиленип, мындан ары да кыргыз желегин ири мелдештерде желбиретүү тилектери айтылды.
[image_carousel source=”media: 190356,190355,190354,190353,190351,190350,190349,190348″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]
Биздин Телеграм каналга катталыңыз