Жалал-Абадда спорт чемпиондорун тосуп алышты — сүрөт

Жалал-Абадда спорт чемпиондорун тосуп алышты — сүрөт

Жалал-Абадда 29-майда Өзбекстандын Жиззах шаарында болуп өткөн аялдар жана эркектер арасындагы «Белбоо күрөшү» боюнча Азия чемпионатында байгелүү оорундарды ээлеген спортчуларды тосуп алуу иш-чарасы өттү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, салтанаттуу аземге президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев, Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Жеӊишбек Абитов, ИИМдин Атайын багыттагы полкунун (АБП) Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын командири Равшан Кожобеков, машыктыруучулар жана спортчулардын жакындары катышышты.

Азия биринчилигинде ИИМдин АБПнын Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын кызматкерлери Элдияр Сексенбаев 80 кг салмакта 1-орунду,  Казбек уулу Ирлан 80 кг салмакта 2-орунду, Айбек уулу Шернияз 70 кг салмакта 2-орунду, Сузак РИИБдин   кылмыш  иликтөө бөлүмүнүн улук ыкчам өкүлү Ымангазы Койлуев +100 кг салмакта 3-орунду ээлеген.

Иш-чарада спортчулардын жетишкен ийгилиги Жалал-Абад облусу, анын ичинде милиция үчүн сыймыктуу экендиги белгиленип, мындан ары да кыргыз желегин ири мелдештерде желбиретүү тилектери айтылды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>