Жалал-Абадда “Тазалыктын” кызматкери сабалды. Бул тууралуу аталган аймактагы милициядан билдирди.
Такталгандай, токмок 24-декабрь күнү таңкы саат 4:30 чамасында Ж.Бакиев көчөсүндө болгон.
Факты кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине 266-берене «Бейбаштык» боюнча катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Ур-токмокко шектелип, Сузак районунун 30 жаштагы тургуну К.У., кармалып, тергөө амалдарынын жүрүшүндө жабырлануучу кол салган адамдын өздүгүн тактады. Бирок, аял каршы арыз жазган. Тергөө иштери уланууда.