Кожомкул атындагы спорт сарайына заманбап бассейн салынатМихаил Шайдоров Казакстанга фигуралык муз тебүү боюнча Олимпиаданын алтын медалын алып келди15-февралга карата аба ырайыЖашы жете электи зордуктоого шектелгендерди жоопкерчиликтен бошоткон. Кеминде Тергөө кызматынын башчысы кармалдыИшкерлерден акча талап кылып жүргөн. Ошто жалган милиция кызматкери кармалдыПарламенттик шайлоо: БШК №13 округ боюнча кайра шайлоону токтотуп, мурдагы жыйынтыкты мыйзамдуу деп тапты
Жалал-Абадда жер титирөө катталды
05.07.2022 | 09:47
Жалал-Абад облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Сейсмология институтунун маалыматына караганда, 4-июль күнү саат 23:45те Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Токтогул районунун Бөр-Дөбө айылында 3 балл, Кетмен-Төбө жана Жетиген айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом