Жалал-Абаддагы мектептин курулушунда 6,3 млн сом кымырылган

Жалал-Абаддагы мектептин курулушунда 6,3 млн сом кымырылган

Жалал-Абад шаарындагы «Фуркат» атындагы орто мектептин курулушунда 6,3  млн сом кымырылганы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалым болгондой, областук Капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери «К.» компаниясы менен алдын ала сүйлөшүп алып, расмий документтерге жасалбаган курулуш иштерин аткарылды деп жазып, мыйзамсыз түрдө 6,3 млн сом акча төлөп беришкен.

Бул факт боюнча облустук прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 379-беренеси (документтердин жасалмасын жасоо) жана 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен кылмыш ишин козгоп, тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн материалдар УКМКнын облустагы Башкы башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>