«Ата-Бейит» мемориалдык комплексин өнүктүрүү боюнча ачык сынак жарыяландыОшто акча алмаштыруу жайдын ээсин бычактаган жаран өмүр бою эркинен ажыратылдыӨзбекстанда Apple Pay жана Google Pay төлөм кызматтарын кошуу башталдыКыргызстанда унаалардын жүргөн жолун азайтып көрсөткөндөргө айып пул салуу сунушталуудаАлгачкы жолу Кыргызстанда басылган 20 жана 50 сомдук жаңы банкноттор жүгүртүүгө чыктыБишкектеги аялдамага автобустардын келүү убактысын көрсөткөн акылдуу табло орнотулду — сүрөт
Казакстанда аял-күйөөнү өлтүргөн деп издөөдө жүргөн жаран Бишкектен кармалды
26.02.2025 | 17:40
Казакстанда аял-күйөөнү өлтүргөн деп Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн жаран Бишкектен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, кармалган киши 34 жаштагы Казакстандын жараны (А.Р.). Ал 2018-жылы 29-октябрда Казакстандын Балхаш шаарында аял-күйөөнү өлтүргөн деп айыпталууда. Жоопкерчиликтен качуу үчүн ал 2018-жылдын аягында Токмок шаарынын тушунан Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз өткөн. Ошондон бери ал Кыргызстанда жашырынып жүргөн.
Ал УКМК тарабынан жакында эле, 24-февралда кармалып, тергөө абагына камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.