Видео: Жалал-Абаддагы жаңы административдик имарат августта бүткөрүлөт

Видео: Жалал-Абаддагы жаңы административдик имарат августта бүткөрүлөт

Жалал-Абад шаарында салынып жаткан жаңы административдик имараттын курулушу 40%га бүткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Учурда имараттын чатырын жабуу иштерине даярдыктар көрүлүп, ички жана сырткы курулуш-монтаждоо жумуштары аткарылууда. Мындан тышкары айлана-чөйрөнү жашылдандыруу иштерине даярдыктар көрүлүүдө.

Курулуш иштерин август айында бүткөрүү пландалган.

Жалал-Абад шаарынын Курманбек көчөсүндө тургузулуп жаткан административдик имаратта облустагы өкүлчүлүк менен мэрия жайгашат.

Ал 7 гектардан ашуун жерге салынууда. Анда жыйындарды өткөрүүчү кичи жана чоң залдар, ЭКСПО борборлор болот. Андан тышкары имараттын алдына борбордук аянт жана гүлбактар курулат.

Жакында эле облус башчысынын биринчи орун басары Нурлан Эрматов курулуш иштери менен таанышып, бир катар тапшырмалырды берген. Ал курулушту сапаттуу бүткөрүү керектигин эскерткен.

Эскерте кетсек, аталган имараттын курулушуна 2024-жылы 29-августта капсула салынган. Аны салууга өлкө бюджетинен 1,6 млрд сом бөлүнөрү кабарланган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>