Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон, Ала-Букин, Аксы райондорунун жана Таш-Көмүр шаарынын аймагындагы жеке менчикке мыйзамсыз өткөн 12 гектарга жакын жер тилкелери мамлекеттин балансына кайтарылды. Жерлердин жалпы баасы 2 миллиарддан ашык сомду түзөт. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, төмөнкү жерлер өз ыктыяры менен кайтарылган:
- Сузак району: Мыйзамсыз менчикке өтүп кеткен Жума базарынын 1,65 гектар жер аянты кайра мамлекетке кайтарылды. Бул жерде тиешелүү инфраструктура жок болсо да, менчик ээлери тарабынан көчө соодагерлерине ижарага берилип келген. Бул тыгындарга себеп болгон жана элдин нааразычылыгын жаратып келген. Учурда бул жерге заманбап муниципалдык базар курула баштады.
- Базар-Коргон району: 2,8 гектар жер тилкеси менен чарбалар аралык курулуш уюмунун, ошондой эле 1,8 гектар жер тилкеси менен «Бабур» кооперативинин имараттары жана курулуштары жеке менчикке мыйзамсыз өткөн. Мамлекеттик ипотекалык компания программасы боюнча аталган жер тилкелеринде үйлөрдүн курулушу башталды;
- Ала-Бука району: 1,3 гектар жер тилкеси менен оңдоо-техникалык ишкананын аймагы мыйзамсыз жеке менчикке өткөн. Көрсөтүлгөн жер участогуна Чек ара кызматынын аскер бөлүгүн куруу пландалууда;
- Аксы району: Автотранспорт ишканасынын аймагы — 2 га жер тилкеси, Кербен шаардык мэриясынын гараждары — 1,4 га жер тилкеси, питомник — 1 га жер тилкеси, ошондой эле, Кербен стадионунун аймагынан жеке турак-жай жана коммерциялык объекттерди куруу үчүн мыйзамсыз берилген 0,2 гектар жер тилкелери кайтарылды. Учурда бул жерде ФИФАнын стандарттары боюнча заманбап футболдук стадион үчүн курулуш иштери жүрүп жатат.
- Таш-Көмүр шаары: «Кристалл» заводунун аймагындагы 1,5 гектар жер кайтарылды. Көрсөтүлгөн жер тилкесинде курулуш материалдарын чыгаруучу өндүрүш ишканаларын куруу пландаштырылууда.