Жамалбек Ырсалиев Бишкек шаарынын вице-мэри болуп дайындалды. Ал эми Максатбек Сазыкулов вице-мэрлик кызматтан кетип Ырсалиевдин ордуна Биринчи Май районунун башчысы болуп дайындалды. Бул туурасында баш калаанын басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.