ЖАМК: Атамбаев №47 абакка которулат

ЖАМК: Атамбаев №47 абакка которулат

 Мурунку президент Алмазбек Атамбаев №47 түзөтүү абагына которулат. Бул тууралуу “Репортёрго” Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Самат Калыков билдирди.

Анын айтымында мурдагы президент качан которулары белгисиз, бирок тиешелүү чечим комиссия тарабынан кабыл алынган.

Буга чейин Алмазбек Атамбаев СИЗО-1 мекемесине которулуп, ачкачылык жарыялаган болчу.

Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагынан Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №1 тергөө абагына 26-октябрда которулган.

Ал абактын шарттарына нааразычылыгын билдирип, ачкачылык жарыялаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>