Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Өкмөт калдыктар менен иштей турган “Эко Оператор” мамлекеттик ишканасын түздү
12.06.2025 | 12:12
Министрлер кабинети “Эко Оператор” мамлекеттик ишканасын түзүү тууралуу токтом кабыл алды. Токтом “Эркин-Тоо” гезитине жарыяланды.
Токтомго өкмөт башчы Адылбек Касымалиев 9-июнда кол койгон.
Ага ылайык, жаңы ишкана калдыктарды башкаруу системасын туруктуу өнүктүрүү жана утилештирүү жыйымдарынын финансылык каражаттарын натыйжалуу пайдалануу үчүн түзүлгөн.
Ишкана Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине карайт. Анын жетекчиси аталган министрлик тарабынан дайындалат же бошотулат. Ошондой эле министрлик ишканын уюштуруучусу болот жана анын иш тартибин аныктайт.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат