Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Кыргызстандык окуучулар химия боюнча эл аралык олимпиадада жакшы жыйынтык көрсөтүштү
12.06.2025 | 11:27
Кыргызстандык окуучулар Абу Рейхан Беруний атындагы эл аралык химия олимпиадасында 3 медаль тагынышты. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Олимпиада 28-майдвн 6-июнга чейин Өзбекстанда өттү. Ага дүйнөнүн 15тен ашуун өлкөсүнөн келген мыкты окуучулар катышты.
Кыргызстандан Кахраманов Максатбек, Жапаров Эржан, Саматов Эрмек, Умхаева Мадина, Исаева Наима, Кадыров Арафаттар катышты. Жыйынтыгында үч окуучу байгелүү орундарды багындырды:
- Кахраманов Максатбек – күмүш медаль;
- Жапаров Эржан – коло медаль;
- Саматов Эрмек – коло медаль;
Министрлик бардык катышуучулар Кыргызстандын химия боюнча улуттук олимпиадасынын жыйынтыктарынын негизинде тандалып алынганын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар