Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевдин омурткасына операция жасалды. Бул тууралуу Reporter.kg′ге өздүк булактар билдирди.
Маалым болгондой, анын грыжасын алуу боюнча пландуу операция Бишкекте жасалды. Операция ийгиликтүү өттү. Азыр депутат операциядан кийинки дарыланууда.
Жанар Акаев өткөн аптада Эл аралык иштер, коргонуу, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин башчылыгына шайланган.