Санариптик өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу Азамат Жамангулов Жогорку Кеңештин депутаттарынын суроолоруна мамлекеттик тилде жооп берип жатып, кыргызча-орусча аралаш сүйлөгөнү үчүн төрага Нурланбек Тургунбек уулунун сынына кабылды.
Бүгүн, 30-январда парламенттин жыйынында Азамат Жамангуловдун министр кызматына талапкерлиги каралган. Ал депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, кыргызча-орусча аралыш жооп берип жаткан. Мындан улам төрага Тургунбек уулу Жамангуловдун мамлекеттик тилде жакшы дайынданбай келгенин сынга алды.
«Сиз кыргыз тилинде сүйлөп жатканда, бир да жолу Санариптештирүү министрлиги же санариптештирүү деп айткан жоксуз. Жалаң цифровизация, цифровизация… Бул министрлик Санариптештирүү министрлиги деп аталат. Жок дегенде министрликтин атын кыргызча айтпайсызбы. Кыргыз тилинде сүйлөп жатканда, сөздөрдүн жарымынан көбүн орусча айтып, тилди кордоп жатасыз. Мурдагы министр да ушунун айынан көп сындарга кабылган. Кечээ сиз менен жолукканда «мамлекеттик тилди жакшы билет экенсиз, мамлекеттик тилде жакшылап дайынданып келиңиз» деп айткам. Тилди бузуп сүйлөгөн мода эмес да», — деди ал.
Белгилей кетсек, суроо-жооптордон кийин депутаттар Азамат Жамангуловдун санариптик өнүктүрүү министри кылып дайындоого макулдук берди.