Ош, Манас жана Баткен шаарларында студенттер үчүн жатаканалар курулатКыргызстандыктар «Түндүктөн» алардын маалыматтарын кимдер караганын көрө алышатКыргызстанда медицина кызматкерлери санариптик технологияларга окутулатБишкекте «Казак киносунун күндөрү» өтүүдөАйрым аймактарда өткүн өтөт: 29-сентябрга карата аба ырайынын божомолуСаясат таануучу Денис Борисов Кыргызстандын трансформациясына баа берди
Таанышынан карызын сураганы барган жаран бычак жеп көз жумган
30.01.2025 | 16:41
Ош облусунда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, 28-январда 32 жаштагы жаран (С.Б.) өзүнүн таанышына (Ш.Ж.) карызын сураганы барган. Бирок алардын ортосунда пикир келишпестик болуп, уруша кетишкен. Таанышы ага бир нече бычак сайып жиберип, окуя жерден качып кеткен. Бычак жеген жаран алган жараатынан улам ооруканага жетпей көз жумган.
Аталган факт боюнча “адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иштердин натыйжасында шектүү катары маркумдун 29 жаштагы таанышы Ш.Ж. кармалган.
Учурда тергөө иштери жүрүүдө.