Согуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алдыБишкекте ЖАМКтын подполковниги бассейнге чөгүп бараткан кызды сактап калды — чоо-жайыКыргызстандык спортчу Венгриядагы дзюдо турниринде биринчи орунду жеңип алдыЧуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салындыБишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза тапты
Жаңы стадиондун курулушу үчүн 20 гектар жер бөлүндү
29.07.2022 | 16:07
Жаңы салына турган стадион үчүн Чүй облусунун Сокулук районундагы Орок айыл аймагында 20,78 гектар жер бөлүндү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин билдиришти.
Стадиондун курулушу үчүн бөлүнгөн жер айыл чарба багытындагы болгондуктан, ал өнөр жай, транспорт, байланыш жана энергетиканын жерлери категориясына котрулган.
Эскерте кетсек, жаңы стадиондун курулары тууралуу Азия кубогу — 2023 мелдешинин Бишкекте өткөн тандоо оюндары учурунда кабарланган. Жаңы стадион 22,5 миң кишиге ылайыкталып салынат. Азырынча стадиондун курулушу качан башталары белгисиз.
Азыркы футболдук беттештер үчүн колдонулуп жаткан Дөлөн Өмүзаков атындагы стадион 18,5 миң кишиге эсептелип, мындан 80 жыл мурда курулган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом