Көл жээгинде машыккан 70 жаштагы Дамир ата: Жашоону сүйүш керек

Көл жээгинде машыккан 70 жаштагы Дамир ата: Жашоону сүйүш керек

Ысык-Көлдүн жээгинде спорт менен машыккан, чымыр денелүү 70 жаштагы Дамир Джунушев көпчүлүккө үлгү болуп келет. Ал жаштардан кем калбай турникке тартынып, айрымдар кыла албаган ыкмаларды жасай алат. Дамир атаны көргөндөр ал өмүр бою спорт менен алектенген деп ойлошу мүмкүн. Бирок ал жаш кезинде кесипкөй катары спорт менен машыккан эмес. Спортту сүйгөн карыя Reporter.kg’ге өзү тууралуу азыноолак айтып берди.

“Бакыт деген тоголок, кимге келсе оңолот” деп чын-тамаша аралаштыра сүйлөгөн Дамир Джунушев Фрунзе (Бишкек) шаарында 1952-жылы туулган. Пенсияга чыкканга чейин курулуш тармагында иштеп, пенсияга чыккандан кийин бизнес менен алектене баштаган. Анын 2 уулу жана 7 небереси бар.

“20 жашыма чейин футбол, фехтование, бокс менен машыктым. Үйлөнгөндөн кийин, спорттон алыстай түшкөм. Бирок 60ка келгенде бир аз салмак кошуп, ден соолугум мурдакыдай болбой баратканда кайра спорт менен машыга баштадым. Спортту сүйүп, машыгып келе жатканыма быйыл 10 жылдын жүзү болду”, — дейт ал.

Учурда Дамир ата бокс залына барып, чуркап, турникке тартынып машыгууларын өткөрүп турат. Күнүнө эки ирет машыгат — эртең менен 1,5-2 саат жана кечинде 3 саат.

Дамир ата спорт менен ден соолугуна кам көрүү жана жашоого болгон сүйүүсүнөн улам машыгып келет. Мындан улам ал жаштарга: “Жашоону сүйүш керек. Спорт менен машыккыла”, — деп айтып келет.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>