Ормонов Жапарбек Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.
«Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык Ормонов Жапарбек Туратович Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким болуп дайындалды», — деп айтылат маалыматта.
Өмүр баяны
Ал 1973-жылы 23-апрелде Ош облусунун Кара-Суу районундагы Лангар айылында туулган. Жогорку билимдүү. 1997-жылы Ош технологиялык университетин «жүк ташууну уюштуруу жана транспортту башкаруу» адистиги боюнча билим алган. Экономика илимдеринин кандидаты.
Эмгек жолу:
1989-1991 — Кара-Суу районунун «Ленин» колхозунда жумушчу;
1993-1997 — Ош мамлекеттик университетинде комендант;
1997-2000 — Ош технологиялык университети, административдик чарба иштери боюнча проректор;
2000-2001 — Ош мамлекеттик университети, административдик чарба иштери боюнча департаментинин башчысынын орун басары;
2002 — Ош мамлекеттик университети, Маркетинг жана тышкы байланыш бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
2002-2003 — Ош мамлекеттик университети, административдик чарба иштери боюнча департаментинин башчысы;
2003-2014 — Ош мамлекеттик университетинин проректору;
2014-2015 — Ош шаарынын вице-мэри;
2016-жылдын 25-апрелинен тарта Ош шаардык кеңештин төрагасы болчу.
Буга чейин Ысык-Көл районунун акими Жумадылов Калыбек Аманатович өз каалоосу менен ээлеген кызматынан бошотулганы маалымдалган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз