Кыргызстандын элчилиги Орусия ТИМине нота жөнөттү: кыргызстандык алдамчылыкка кабылганБир жылда 304,9 миң кыргызстандык насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салуу кызматынан пайдаланганДастан Бекешев: Бишкектеги күркөлөргө тыюу салуу ири соода түйүндөрүнө гана пайдалууКриштиану Роналду Португалия курамасындагы карьерасын аяктаганын жарыяладыКыргызстандагы баштапкы медициналык жардамды өнүктүрүүгө 15 млн доллар бөлүнөтАлдамчылыкка айыпталган жаран Грузияда кармалып, Кыргызстанга экстрадицияланды
Ысык-Көл жана Түп райондорунун акимдери иштен бошотулду
23.08.2023 | 20:01
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл жана Түп райондорунун акимдери кызматынан бошотулду.
Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Жумадылов Калыбек Аманатович өз каалоосу менен ээлеген кызматынан бошотулду.
Ошондой эле, президенттин башка жарлыгына ылайык, Ысык-Көл облусунун Түп районунун акими Адиев Каныбек Маматбекович өз каалоосу менен ээлеген кызматынан бошотулду.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом