Жапаров жакында өлкөнүн түштүгүнө барып, чек ара көйгөйлөрү менен таанышат

Жапаров жакында өлкөнүн түштүгүнө барып, чек ара көйгөйлөрү менен таанышат

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров жакын арада чек ара көйгөйлөрү боюнча жеринде таанышуу максатында Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарына бир нече күнгө иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабаралайт.

Маалыматка караганда, бүгүн 26-октябрда президенттин м. а., премьер-министр Садыр Жапаров Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеевди кабыл алган.

Жолугушууда алар Баткен районунун Үч-Дөбө айылындагы чек ара тилкесинде болгон кырдаалды турукташтырууну талкуулашкан.

Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын маалыматы боюнча, жаңжалдын чыгышына Тажикстандын жарандары чек аранын талаш тилкесине суу түтүктөрүн орнотуп башташканы себеп болгон. Тажик жарандары талаптарды укпаган соң  кыргыз тарап асманга эки ирет ок аткан.

Азыркы тапта куруу иштери токтотулган, тажик тарап менен сүйлөшүү жана калк арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатканы айтылат.

Садыр Жапаров чечилбеген көйгөйлөр жок экенин айтып, маселелерди тынч сүйлөшүүлөр аркылуу чечсе болорун айткан.

«Келечекте мындай окуялар болбошу үчүн бул маселени чечүүнү улам артка жылдыра берүүгө болбойт. Чек арадагы райондордун тургундары тынчтык жана туруктуулукта жашашы керек», – деп баса белгилеген Жапаров.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>