Орусияда кыргызстандык аскерлердин катышуусунда ЖККУнун машыгуулары аяктадыКыргызстанга миграциялык агым 2025-жылы 15,4 миң адамга жеттиКыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү беш жылда 14%га төмөндөдүФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту
Кыргызстандык спортчу кайык менен сүзүү боюнча Азия чемпионатында алтын алды
12.05.2025 | 10:42
Ерлан Султангазиев каноэ жана байдарка менен сууда сүзүү боюнча Азия чемпионатында алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Султангазиев финалда 200 метрлик аралыкты 37,05 секунддук убакытта байдарка менен сүзүп өтүп, биринчи келген. Экинчи болуп Таиланддык спортчу, ал эми Кытайлык спортчу үчүнчү келген.
Бул алтын медаль аталган спорттун түрү боюнча Кыргызстандын алгачкы жеңиши.
Азия чемпионат 7-12-май күндөрү Кытайдын Наньчан шаарында өттү. Ага 19 өлкөдөн келген спортчулар катышты.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт