Кыргызстанда айына 1000 тонна продукция чыгаруучу заманбап сүт заводу курулатСокулук районунда 6 млн долларга соода-логистикалык борбор курулатФеликс Кулов Казакстандын жаңы Конституциясына баа берди: алдыга карай чоң кадам жана «кош бийлик» тобокелдиктериПрезидент бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин айлыгын жогорулатуу боюнча жарлыкка кол койдуКыргызстандагы КММ баалары: учурдагы абал жана өкмөттүн бааны ооздуктоо боюнча чаралары«Жалындуу чабуул» жана «Матросовдун эрдиги»: Бишкектин картасындагы эрдиктин символдору
Жапаров: Энергетикалык компаниялардын карызын жабууга 1,7 млрд сом бөлүнөт
27.12.2021 | 12:13
Энергетика тармагындагы тышкы карыз 28 жыл ичинде 2,2 млрд долларды түзсө, учурда техникалык жабдуулардын 70%дан ашыгы эскилиги жеткен. Бул тууралуу жыл жыйынтыктоочу кеңешмеде министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Маалыматка ылайык, 2021-2022-жылдардын күз-кыш мезгилин өткөрүүгө республикалык бюджеттен 3,3 млрд сом бөлүнгөн, бирок калктын көмүр менен жетишсиз камсыз болушу тармактын бардык көйгөйлөрүн ачыкка чыгарган.
“Бөлүштүрүүчү энергетикалык компанияларды 1,7 млрд сомго оптималдаштыруу жүргүзүлдү, бул тармактын тышкы карызын жабууга багытталат”, – деп түшүндүрдү Акылбек Жапаров.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика