Аксыда жерлерди менчикке мыйзамсыз берүү фактысы боюнча кылмыш иши козголдуӨкмөт ФПОго туташууга милдеттүү бизнес түрлөрүнүн тизмесин кеңейттиНарында мыйзамсыз курулуп жаткан бетон заводу аныкталдыКыргызстан менен Өзбекстан интернет-алдамчылыкка каршы күрөшүү боюнча тажрыйба алмаштыИсхак Масалиев президенттикке талапкерлигин көрсөтүү үчүн БШКга арыз бердиБишкектин дагы бир көчөсүндө мыйзамсыз орнотулган көрнөк-жарнактар алынды
Жапаров: Энергетикалык компаниялардын карызын жабууга 1,7 млрд сом бөлүнөт
27.12.2021 | 12:13
Энергетика тармагындагы тышкы карыз 28 жыл ичинде 2,2 млрд долларды түзсө, учурда техникалык жабдуулардын 70%дан ашыгы эскилиги жеткен. Бул тууралуу жыл жыйынтыктоочу кеңешмеде министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Маалыматка ылайык, 2021-2022-жылдардын күз-кыш мезгилин өткөрүүгө республикалык бюджеттен 3,3 млрд сом бөлүнгөн, бирок калктын көмүр менен жетишсиз камсыз болушу тармактын бардык көйгөйлөрүн ачыкка чыгарган.
“Бөлүштүрүүчү энергетикалык компанияларды 1,7 млрд сомго оптималдаштыруу жүргүзүлдү, бул тармактын тышкы карызын жабууга багытталат”, – деп түшүндүрдү Акылбек Жапаров.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика