Жапаров ГЭСтердин курулушу, импорттолгон электр энергиянын баасы тууралуу айтты

Жапаров ГЭСтердин курулушу, импорттолгон электр энергиянын баасы тууралуу айтты

Президент Садыр Жапаров «Фейсбуктагы» баракчасында өлкөдө курулуп жаткан чакан ГЭСтер, сырттан алынган электр энергиянын баасы тууралуу айтты.

Жапаровдун айтымында, учурда өлкөдө 40 чакан ГЭС иштеп жатат. Алар жылына 312,5 млн кВт/с электр энергия өндүрөт.

Ошондой эле өлкө боюнча 37 чакан ГЭСтин курулушу жүрүп, быйыл 18и ишке кирет. Алар жалпы 385,2 млн кВт/с электр энергия чыгарып турат.

Андан тышкары кубаттуулугу 5624 МВт болгон күн жана шамал станцияларынын курулушу башталып жатат.

«Бизде 142 млрд кВт/саат электр энергия иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүбүз болсо, бүгүнкү күндө 14 млрд кВт/саат гана электр энергия иштеп чыгып жатабыз. Мүмкүнчүлүгүбүздүн 10 пайызын гана колдонуп келебиз. Сууларыбыз жөн эле агып кетип жатат», — дейт ал.

Президенттин айтымында, чакан ГЭСтер салынып жаткан аймактарда жергиликтүү калк тараптан бут тосуулар болуп жатат.

«Суубузду кирдетип жатасыңар» дешип, жол тосуп, курулушчуларга тоскоолдуктарды жараткан учурлар катталды», — дейт Жапаров.

Кыргызстан суу башында туруп 3 млрд кВт/с электр энергияны импорттогон мамлекет экенин айткан Жапаров анын 1 кВт/сааты 3 сом 50 тыйындан сатып алынып жатканын билдирди.

«Бүгүнкү күндө элге берилип жаткан электр энергиясынын баасы 1 сом 11 тыйын. Ортодогу 2 сом 39 тыйын айырманы республикалык бюджеттен субсидия кылып жатабыз. Бүгүнкү күндө бюджеттен 8,5 миллиард сом чыгым кылабыз. Бул акча – ар бир кыргызстандыктын акчасы, салыктан түшкөн акчалар.

Ушундай каатчылыкты жок кылыш үчүн 2021-жылдан баштап массалык түрдө чакан жана орто ГЭСтердин курулушун баштаганбыз. Мындан сырткары Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу башталып жатат», — дейт ал.

Жапаров ГЭСтерди куруу «импорттон кетип, өзүбүздөн чыккан электр энергия менен камсыз бололу, өзүбүздөн ашканын экспортко кетирели» деген максата жасалып жатканын айтты.

«Өзүбүз суу башында отуруп алып, башка өлкөлөрдөн электр энергия сатып алганыбыз – өтө уят иш.

Ошондуктан, ар бир жергиликтүү бийлик өкүлү, силердин аймагыңарда курулуп жаткан чакан ГЭСтерге, мейли менчикпи, же мамлекеттикпи, максималдуу түрдө жардам бергиле», — дейт президент.

Жапаров чакан ГЭСтер салынып жаткан аймакта жашаган элге кайрылып, убактылуу ыңгайсыздыктарга чыдап турууга үндөдү.

«Ал эми жергиликтүү тургундарга айтарым – курулуш иштерине тоскоол болбогула. Курулуш иштери күндүз жүрөт. Эртең менен эрте суу булгана электе таза суу алып алгыла. Ыңгайсыздыкка 3 ай чыдап койгула.

Курулуш иштери, көп болсо, 3 ай жүрөт. Курулган ГЭСтер өмүр бою мамлекетибизге, өзүңөргө жана келечек муундарга кызмат кылат. Ошондуктан курулуш иштерине өзүм билемдик менен тоскоол кылбагыла. Келечек муундарга кызмат өтөп кетели», — дейт ал.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>