Конституциялык реформа жасап, башкаруу системасына өзгөртүү киргизгенден кийин коррупцияны жойбосок, азыр өтө татаал экен. Мындай пикирди президенттин м.а., премьер-министр Садыр Жапаров өкмөттүн жыйынында билдирди.
“Коррупция менен күрөшүү өтө татаал болуп жатат. Чырмалышып калган экен. Муну конституциялык реформа жасап, башкаруу системасына өзгөртүү киргизгенден кийин гана жоё албасак, азыр жоюу өтө татаал экен. Бирок, колдон келген аракетибизди кылып жатабыз. Бүт дүйнө пайда тапкан бажыдан бизге эмнеге киреше кирбейт? Жол курууга ири насыялар алынган, эмнеге жолдорубуз жаман? Дүйнөдө наркобарондор бар, а бизде энергобарондор болуп жатат”, – деген ал.
Президентин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров буга чейин элди тоногон коррупционерлерге кайрылып, мамлекетке келтирген чыгымды кайтарууга 30 күн убакыт берген.