Жапаров: Кыргызстанда криптовалюта жана санариптик активдер каржылык системанын негизине айланды

Жапаров: Кыргызстанда криптовалюта жана санариптик активдер каржылык системанын негизине айланды

«Кыргызстанда криптовалютага болгон кызыгуу жылдан-жылга өсүүдө, ал эми блокчейн жана санариптик активдер мурда адистер гана түшүнгөн тармак болсо, азыр жаңы каржылык системанын негизине айланды», — деди Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кечээ, 4-майда, анын төрагалыгы алдында Чолпон-Ата шаарында өткөн Виртуалдык активдерди жана блокчейн-технологияларын өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин биринчи жыйынында.

Мамлекет башчысы Кеңеш виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялары жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, аларды мамлекеттик башкарууда жана өлкөнүн негизги секторлорунда колдонуу максатында түзүлгөнүнө токтолду.

Садыр Жапаров 2022-жылы «Виртуалдык активдер жөнүндө» мыйзам кабыл алынганын эске салды. Ал виртуалдык активдерди чыгаруу, сактоо жана жүгүртүү боюнча укуктук негиз түзүп берген. «Бул мыйзам аркылуу жарандардын жана чет элдик өнөктөштөрдүн ишеними жогорулады. Бирок муну менен токтоп калбастан, биз жөнгө салуу, техникалык колдоо жана билим берүү иштерин да улантуубуз керек», — деп белгиледи президент.

Мамлекет башчы Кыргызстанда криптовалютага болгон кызыгуу жылдан-жылга өсүүдө деп ырастады. «Ошол эле учурда ар түрдүү тармактарда санариптештирүү күч алып жатат. Бул өзгөрүүлөр жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда жана мамлекеттен так, түшүнүктүү чечимдерди талап кылууда», — деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Президент ошондой эле каржылык сабаттуулукту жогорулатуу жана билим берүү программаларын алдыга жылдыруу, киберкоопсуздук жана колдонуучуларды кибер алдамчылыктан коргоо, ошондой эле мамлекеттик башкаруу системасына блокчейн-технологияларын киргизүү маселелерине көңүл бура турган Кеңештин ишинин негизги багыттарын белгиледи. Ал мындай тармактарга блокчейн-технологияларын киргизүү ачык-айкындуулукту жана байкоо жүргүзүүнү гана жогорулатпастан, процесстердин бюрократизациясынын деңгээлин төмөндөтүүгө мүмкүндүк берерин баса белгиледи.

Мамлекет башчы Binance 100дөн ашык өлкөдө инфраструктураларды куруу жана инновацияларды киргизүү боюнча чоң тажрыйбага ээ экенин айтты.

Жыйында Кеңештин курамына жаңы мүчөлөр – дүйнөдөгү эң ири Binance криптовалюта биржасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао жана Борбордук жана Чыгыш Европа, Борбор Азия жана Африка боюнча Binance аймактык жетекчиси Кирилл Хомяков кирди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>